www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 2-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Кытай Эл Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Пекин шаарында Чжан Син айым менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ал Yunnan SCO Culture and Sports Co. Ltd. компаниясын жетектейт жана Куньмин ШКУ марафонунун уюштуруучусу болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык Бишкекте өтө турчу “Run the Silk Road” марафонун уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызматташуу маселелери, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында спорт министрлеринин жолугушуусун даярдоо маселелери талкууланды.

Тараптар Кыргыз Республикасынын жети облусуна мүмкүн болуучу колдоо көрсөтүү, анын ичинде аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, спорттук инфратүзүмдү чыңдоого жана өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында белгиленген багыттар боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүгө жана биргелешкен иштерди координациялоого даярдык тастыкталды.
Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, дене тарбия жана спорт тармагында кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары чыңдоого эки тарап тең кызыкдар экенин билдиришти.

 

Последние новости