www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министр ШКУга мүчө мамлекеттер менен кызматташууну бекемдөөнүн жол картасын кабыл алуу керектигин да белгилеген.
ШКУ өнүгүүнүн жаңы этабына кирип жатат жана узак мөөнөттүү стратегияга муктаж. Бул тууралуу ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Астанадагы ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынында билдиргенин ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстан
КЫРГ
ТИМ башчысы Кулубаев: ШКУ узак мөөнөттүү стратегияга муктаж
21:24 21.05.2024
ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2024
© Фото / Пресс-служба МИД КР
Жазылуу
Министр ШКУга мүчө мамлекеттер менен кызматташууну бекемдөөнүн жол картасын кабыл алуу керектигин да белгилеген.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. ШКУ өнүгүүнүн жаңы этабына кирип жатат жана узак мөөнөттүү стратегияга муктаж. Бул тууралуу ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Астанадагы ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынында билдиргенин ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Заседание СМИД ШОС в Астане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2024
Астанадагы ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны
© Фото / Пресс-служба МИД КР
"Министр ШКУ татаал глобалдык жана регионалдык жагдайда өнүгүүнүн жаңы этабына кирип жаткандыгын, пайда болуп жаткан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда уюмдун потенциалын пайдалануу үчүн узак мөөнөттүү стратегияга муктаж экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу кыргыз тарап ШКУнун 2035-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын кабыл алуусуна маани берди", — деп жазылат кабарда.
Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттер менен ШКУ диалогу боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташууну бекемдөөнүн жол картасын кабыл алуу керектигин да белгилеген.
ТИМ башчылары 2024-жылдын июлунда боло турган Астана саммитинин мазмундук бөлүгүн даярдоонун жүрүшүн талкуулап, кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча бир катар чечимдерине кол коюшкан.
Булак: NazarNews.kg