www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча парламенттик комитетинин 7-июнундагы отурумунда 1-июндан бери дайынсыз болгон Орхан Инандынын маселеси көтөрүлдү.

Анда депутат Абдывахап Нурбаев Инанды Түркиянын элчилигинин ичинде кармалып жатат деген маалымат бар болгонун айтты. Өмүрзаков аталган маалыматты текшерүү үчүн Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине кат жолдошконун бирок алардан жооп келе электигин билдирди.

«Рейхан Инанды ушундай маалымат берди, биз тергөө иштин алкагында Тышкы иштер министрлигине жана [Түркиянын] элчилигине кат жөнөттүк, бирок сиз билгендей Вена келишими боюнча ар бир элчилик кол тийбестикке ээ. Биз ал элчиликке кирүү үчүн ошол мамлекеттин жетекчилигинен уруксат алышыбыз керек. Бирок биз аларга кат жүзүндө сунуш жибердик: “сиздердин элчилигиңерде кармалып турат экен деген маалымат болуп жатат” деп. Бирок алардан жооп алган жокпуз», — деди Өмүрзаков.

«Элчиликке нотаны жибериш үчүн Ички иштер министрлигинин тергөө тобунан бизге кат керек, бирок бизге андай кат келген жок. Бизге ИИМден “Орхан Инанды [Түркия] элчилигине барган экен, маалымат барбы силерде” деген кат келди», — деди Артыкбаев.

Ошондой эле, Артыкбаев Инанды Түркиянын элчилигинде кармалып турганын тастыктаган факты жок экенин билдирди.

2019-жылы Инандыны экстрадиция тууралуу өтүнүч келген

Мындан сырткары, ТИМдин башчысынын орун басары Түркия эки жыл мурун Орхан Инандыны экстрадициялоо боюнча өтүнүч жибергенин ачыктады. Артыкбаев ошол учурда түрк бийлиги Инандыга «террористтерди даярдоо» боюнча айып такканын билдирди.

«2019-жылы Башкы прокуратура Түркия Орхан Инандыны экстрадициялоо өтүнүчүн карап, “ал биздин жаран, биздин жаранды эч качан башка мамлекетке бере албайбыз” деп жооп кылган. Бул ИИМ жана ТИМдин ишинин негизинде болгон», — деди Артыкбаев.

Ошол эле жылы Түркия «Сапат» билим берүү мекемесинин эки кызматкерин — лицейдин мугалимдери Синан Йылмаз менен Санжар Абдулхакимди экстрадициялоону талап кылган. Кыргызстандын башкы прокуратурасы бул өтүнүчтү канааттандырып, Йылмаз жана Абдулхакимди Түркияга өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алган. Алар УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилген болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости