www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ элчиси Дональд Лунун Кыргызстандагы кылмыштуулук боюнча кырдаал жаатында жасаган билдирүүсүнө жооп берди.

Тышкы саясат боюнча ведомствонун билдирүүсү Twitter тармагындагы баракчасына жарыяланган.

​Анда АКШ элчиси Дональд Лунун жакында эле ЖМКга жарыяланган кайрылуусунда өлкөнүн ички ишине кийлигишкен жана тергөөгө басым жасаган элементтер бар экендиги айтылган.

"Өзгөрүлбөй турган эл аралык мамилелердин принциптери улуттук мыйзамдар сыяктуу кандай гана туура максаттарды көздөбөсүн эч качан бузулбашы керек", — деп билдирди ТИМден.

Эске салсак, буга чейин элчи ЖМКларга сыйлык тапшыруу салтанатындагы өзүнүн видеокайрылуусунда өлкөдө кылмыш империясы бар деген пикирин айткан. Лу сөзүндө мурдагы бийликтин кылмыштуулук менен күрөшүүдө катасы бар деп айтып, азыркы өкмөттүн "кылмыштуулук клан" менен күрөшүү шартын атаган.

Элчи Бажы боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимов менен крим дүйнөнүн аталыгы Камчы Көлбаевдин кармалышын эскертип, азыркы болуп жаткан кырдаал "голливуд фильмдерине окшош" деген мүнөздөмө берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости