www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кадамжай районунун Кадамжай шаарындагы жугуштуу оорулар оруканасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасына гуманитардык көмөк берүү алкагында курулуп жаткан медициналык мекеменин имараты жыйынтыкталуу алдында турат. Эки корпустан турган, 214 койка-орунга ылайыкталган оорукана 5-7 күн ичинде пайдаланылууга берилмекчи. 

  Курулуп жаткан имаратты көрүп чыккан соң, Артем Новиков курулуш иштерин ыкчамдатууну белгиледи.  Буга катар Премьер-министрдин м.а. курулушта бардык нормалардын сакталышын жана куруучуларга тийиштүү иштөө шартын камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилесек, Өзбекстан Республикасы тез курулуучу конструкциялардан турган эки медициналык мекемени курууга көмөк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Ооруканалардын бири – Бишкек шаарында, ал эми экинчиси Баткен облусунун Кадамжай районунда курулууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости