www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Подмосковьедеги "Крокус сити холлдо" көп сандаган адам өлүмүнө алып келген терактыны кескин айыптайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

"Терроризм бардык формасында тынчтыкка, коопсуздукка жана туруктуулукка олуттуу коркунучтардын бири болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.

ТИМ каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

"Крокус" концертик залындагы терактыда алдын ала маалымат боюнча, 40 адам каза таап, 100дөн ашык адам жабыркаган. Окуя болгон жерден жабыркагандар ооруканага жеткирилип жатканы маалым болгон. Төрт кишинин абалы оор экени айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости