www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз улутундагы Кытай жарандарынын камалышы боюнча маалыматтарды текшерүүдө. Бул тууралуу министр Чыңгыз Айдарбеков парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Комитет бул маселени жабык карады. Депутат Таабылды Тиллаевдин айтымында, анда Айдарбеков азырынча маалымат тактала элек экендигин айтты.

- Кытай жабык мамлекет. Алар биздин туугандар болгон менен Кытайдын жарандары. Ошондуктан бул маселеге кылдат мамиле кылбасак ал жактагы кыргыздарга кыйынчылык жаратып алышыбыз мүмкүн, - деди Тиллаев.

Ушул күнгө чейин Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын төрт жараны Кытайдагы куугунтукталган туугандарын таап берүүгө жардам сурап кайрылган.

Парламенттин комитети жабык түрдө өткөн жыйында Кытайдын Шиңжан автономдук аймагындагы куугунтукталды делген кыргыздардын абалын талкуулады.​

Буга чейин Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар ал жактагы тууган-уругунун дайын-дарегин билүүгө көмөктөшүүнү кыргыз бийлигинен өтүнүшкөн. 26-ноябрда жакындары түрмөдө экенин айткан он чакты киши президент Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуу кабыл алып, жардам сураган.

Кайрылууда Кытайдагы кыргыздар Бээжин "саясий тарбиялоочу борбор" деп атаган лагерлерде бейкүнөө жана себепсиз кармалып, катуу кыйноого кабылып жатканы жазылган.

Булак: "centralasian"

Последние новости