www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад ОИИБнын Криминалдык милиция кызматы оперативдүү маалыматтардын негизинде иш алып барып, Сузак районунун аймагында мыйзамсыз сойкулук уюштурган жашыруун жайды аныктап, андагы ээси колундагы кыздарга кордук көрсөтүп зомбулукка салып иштетип жүргөндүгүн аныкташты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдирет.

Атайын оперативтүү тергөө тобу түзүлүп, 26-ноябрь күнү аталган жайга тинтүү жүргүзүлүп, бир топ далилдер менен сойкулук менен алектенген бир топ кыздарды жана иштетип жүргөн ээсин аныкташты. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш Жаза кодексинин 261-статьясы (Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү ) менен кылмыш иши козголду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости