www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түшүнгөнгө, Кочкоровду Өмүркулов бузбай эле, коомдук пикирлер бузуп коё турган болдукпу деп сарсанаа, мен. Менимче, Өмүркулов туура сын айтты. Андан да чыйралыш Кочкоровдун маселеси. Туура эмес жүргөн Өмүркуловду эмне кыласыңар, анын туура жагынан тыянак чыгарыш керек деп ойлойм. Аз убакыт болду албетте, анын жумушун баалап же баалабай коюшка эрте же кечи жок.

Кебетеси, Кочкоров убагында Исага жакпай калса керек, өңүндө таарынычы, ич күптүсү бар. Ошентсе да, Өмүркулов ээрге туура атказайын деп атат. Туура эле өптүрүп алсын эми. Туураны туура, туура эмести туура эмес дебейликпи.

"Колуна эки нан көтөрүп алып барбай, жөлөк пулду көтөрүп алып барсаң, баарын тегиз караганың болот эле"-дегендей айткан сындан да жакшы сын барбы? Эл кыдырганы жакшы, а бирок чындап эле эл кыдырбаса деле биздин 70%ыз жашоо шартыбыз түшүнүктүү да.

Бардарсыз жашоочулардын баарына барып чыккан күндө да, мамлекеттик чоң программалар, проектилер, чечимдер, колдоолор аркылуу иш алып барбаса, жыйынтыгы жука болуп калат.

Айтор азамат деп атказып, анан "эрке талтаңга" айлантып, ээрден эрте шыпырып жүрбөгүлө. Сындан сынбай, чыйралганга, Кочкоровдун колунан келет го деп ойлойм.

Күнболот Момоконов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости