www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курултай өткөн жерде таштанды калды

“Той да болот, тойдун эртеси да болот”,- демекчи, өткөн ишемби күнү коомдук уюмдар көптөн бери даярдык көрүп келген Элдик курултай “Кечээ, бүгүн жана эртең” деген ураан менен Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү. Уюштуруучулардын билдирүүсүндө, өлкөбүздүн аймактарынан шайланып келген 700гө жакын делегат катышты. Алар алгач азыркы мамлекет башчы С.Жээнбеков жана экс-президент А.Атамбаевдердин ишмердүүлүгүнө баа беришип, биринчисине “жакшы”, экинчисине “жаман” деген баа беришти.

Бирок болгону бир жыл иштеп, алгылыктуу эч нерсе деле жасабаган мамлекет башчыбыздын ишин оң баалагандык туура эместей болуп калды. Бул жагынан Элдик курултай бийликке кошомат жасагандай болууда. Курултайда негизинен эски бийликтин башында турган А.Атамбаевди тез арада жоопко тартуу, экс-президент деген статусунан ажыратуу жана байлыгын изилдөө сыяктуу азыркы бийликке талаптар коюлду. Эми келерки жылдын апрель айында кайра чогула турган болуп тарап кетишти.

Бирок, делегаттар мамлекеттин тагдырын чече турган жалындуу сөздөрдү сүйлөшкөн менен өздөрү жөнөкөй эле этика, тартипти сакташпагандыгы алардын чыныгы жүзүн көрсөтүп койду.

Мындай көрүнүштү Орусиядагы КСДПнын расмий өкүлү Темирлан Султанбеков Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына таштандылардын сүрөтүн чыгарып ашкереледи.

“Бул сүрөттөр бүгүнкү курултайдын көрүнүшүнөн кабар берет: алар аркимди сындаганга көнүп алышкан. Алар өз жашоосунда бир ажаткана да курушкан эмес, бирок ЖЭБ, музей, станция, жолдор жана мектептер туура эмес курулгандыгын билишет. Курултайда сөз сүйлөгөн делегаттардын көпчүлүгү кыргыз саясий организминин сокур ичегилери экендигин баары билишет”,- деп жазылган автордун комментарийинде.

Айтор КСДПнын Россияда отурган мүчөсү Элдик курултайдын катышуучуларынын чыныгы жүзүн бир сүрөт менен сүрөттөп койду...

Булак: “Майдан. kg”

Последние новости