www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган “Москвада кыргызстандык аял өлтүрүлүп, анын сөөгү диванга катылган” деген маалыматка байланыштуу расмий түшүндүрмө берди.
Министрликтин маалыматына ылайык, окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында Тышкы иштер министрлигинин тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулу ыкчам түрдө Москва шаары боюнча Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына жөнөп кеткен.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Элчилиги тарабынан тиешелүү укук коргоо органдарына расмий суроо-талаптар жөнөтүлгөнү белгиленди.
Учурда кошумча маалыматтар алынууда. Алар түшкөн соң коомчулукка өзүнчө билдирүү берилери айтылды.
Министрлик бул маселени өзгөчө көзөмөлдө кармап турганын кошумчалады.