www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-сентябрда КР Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Ричард Коменда менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты. Тышкы иштер министринин орун басары учурдагы кырдаал, көптөгөн адам курмандыктары, анын ичинде балдар тууралуу маалымат берди. «Кыргыз тарап Тажикстандын куралдуу агрессиясынын натыйжасында чек ара жаңжал аймагынан 140 миңден ашуун жайкын тургундарды тез арада эвакуациялоого аргасыз болду», — деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Коменда каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Ал белгилегендей, ЖККБ Кыргыз Республикасынын органдары менен БУУнун өлкө командасынын өз ара аракеттенүүсү үчүн түзүлгөн өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү координациялык тобунун ишине активдүү катышууда.

Коменда ошондой эле "терең тынчсыздануу менен Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын кеңсеси чек ара маселелерин саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, кырдаалга көз салып жатканын" кошумчалады.

Мындан тышкары, Коменда Баткен облусунун жабыркаган аймактарында жашоону нормалдаштыруу үчүн Кыргызстан менен мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуудан кийин Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарлыгынын Борбор Азия боюнча башкармалыгынын аймактык өкүлү көңүл айтуу китебине жазуу калтырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости