www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Ленинград облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен жабыркаган Кыргыз жарандары тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

«2-августта саат 21:00дө Орусиянын Бугра шаарында жол кырсыгы катталып, айдоочу рулду башкара албай калгандыктан, белгиленген жерден жолду өтүп бара жаткан эки Кыргыз жаранын Субару Форестер унаасы сүзүп кеткен. Аталган жол кырсыгы боюнча Всеволожный райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду. 

Кырсыктын кесепетинен С.А. аттуу Кыргыз жараны каза болуп, экинчи жабыркаган З.Б. райондук ооруканалардын биринде, анын абалы туруктуу деп бааланууда. Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугу жабыркагандардын туугандары менен байланышта болуп, аларга керектүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Орусиянын Ленинград облусунун Всеволожский районунда айдоочу эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Экөө тең Кыргыз жараны экени аныкталган. Кырсыктын кесепетинен алардын бири ошол жерден каза болсо, экинчиси ооруканага жаткырылган.

Последние новости