www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТИМ:

Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүп, аны тапшыруу аземи Ош шаарында болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн башчысы Балтагул Нурумбетов, Тышкы иштер, Саламаттык сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин аймактык бөлүм башчылары катышкан.

"Гуманитардык жардамдын курамында 1000 тонна ун, 60 тонна гипохлорит, 2500 респиратор, 5000 даанадан медициналык кол кап жана бет кап, 2500 коргоочу костюм бар. Жүк Өзбекстандан Ош шаарына темир жол менен жеткирилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости