www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТИМ жамаатына жаңы жетекчи тааныштырылды

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Жээнбек Кулубаевди министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев ТИМ жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Жээнбек Кулубаевди министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев ТИМ жамаатына тааныштырды

"Кожошев жаңы министр Кулубаевдин кесипкөйлүк жогорку деңгээли, дипломатиялык кызматтагы иш тажрыйбасы туурасында оң пикирин билдирип, анын жогорку квалификациясы мамлекеттин тышкы саясий багытын системалык түрдө алып кетүүгө түрткү берерин айтты", — деп кабарлады өкмөттөн.

Кулубаев республиканын жогорку жетекчилигине көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирип, министрликтин жамааты менен биргеликте ага артылган үмүттү актоого болгон күчүн жумшаарын айткан.

Эске салсак, кечээ, 22-апрелде, ТИМдин жетекчиси Руслан Казакбаев кызматынан алынып, ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Кулубаев дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости