www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адис стоматологго барардын алдында да, андан кийин да спирттик ичимдиктерди ичкенге болбой турганын эскерткен.

Тиш дарыгери Алексей Антипенко  адам тишин дарылатуунун алдында кандай эрежелерди сакташы керектигин түшүндүрүп берди.

Айтымында, бейтаптын ага карата туура даярдыгы дарылоонун сапатына таасир берет.

"Адегенде ойлорду иретке келтирүү зарыл. Тынчсыздануудан арылып, тиш дарылоо коопсуз жана натыйжалуу процедура экенине ишенүү керек. Мындан тышкары, процедуралар дайыма ооруну сездирбөөчү дары сайылгандан кийин аткарыларын эстен чыгарбоо зарыл. Туш келген тиш дарыгерине баргандан көрө тааныштар сунуштаган стоматологго барган оң", – деп белгилеген Алексей Антипенко.

Адис эртең тиш дарыгерге барам деген түнү жакшылап уктап эс алуу зарыл экенин айткан.

"Толук кандуу эс албаган же аз эле уктап келген бейтап процедура учурунда эсин жоготуп коюшу мүмкүн. Абдан чарчап турган болсо стресс гормондоруна анестезия таасир бербей калышы ыктымал", – деп эскерткен ал.

Ошондой эле адис тиш дарыгерине барардын алдында жакшылап тамактанууну сунуштайт. Айтымында, адам ачка болсо процедура учурунда шилекей көп бөлүнүп чыгат. Мындан тышкары, тиш дарылатуунун алдында да, андан кийин да дароо алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө болбой турганын түшүндүргөн.

"Тиш дарылатуу алдында коркунучту жеңүү үчүн спирт ичимдигин ичүүнү такыр колдобойм. Мунун кесепети оор болушу мүмкүн. Андан кийин да 5-7 күнгө чейин алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө болбойт, мисалы, тиш жулдургандан кийин дароо ичимдик ичсе кан токтобой коюшу мүмкүн", – деген Антипенко бул тобокелдиктер тууралуу бейтаптарга дарыгери түшүндүрүп бериши керектигин белгилеген.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости