www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТИЗМЕ - Кыргызстанда беш жаңы кесип даярдала баштайт

“Ала-Тоо” Эл аралык университетинин базасында жаңы инновациялар жана IT медицина университети түзүлөт. Бул тууралуу 18-июлда Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген коллегиясынын жыйынында министр Каныбек Иманалиев билдирди.

Бул жерде 5 жаңы кесип даярдалат:

  • климаттык өзгөрүү,
  • урбанистика,
  • жасалма интеллект,
  • логистика,
  • IT медицина.

Каныбек Иманалиев башталгыч кесиптик билим берүү багытында кыргыз-орус, кыргыз-өзбек, кыргыз-кытай биргелешкен лицейлерин түзүү боюнча Меморандумга кол коюлгандыгын, 8 колледж Алдыңкы тажрыйба борборлору болуп таанылгандыгын, Ош мамлекеттик университетинде М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин борбору ачылгандыгын, ал эми октябрь айында Россия президентинин Кыргызстанга болгон сапары учурунда Москва мамлекеттик университетинин филиалын Караколдо ачуу жөнүндө келишимге кол коюла тургандыгын билдирди.

Ошондой эле министр 2024 - жылы Кыргызстандын билим берүү министрлигине 100 жыл толоорун айтып, “Билим бардыгына – мүмкүнчүлүктөр бардыгына!” деген ураан алдында Глобалдык форум өткөрүү мерчемделип жатканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости