www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төкмө акын Шекербек Адыловдун жаңы китеби жарык көрдү

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Шекербек Адыловдун “Тирүүлүк” аталышындагы китеби жарык көрдү.

Китептин бет ачары 15-февралда Улуттук илимдер академиясында өтүп, ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, тарыхчылар, маданият өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада Шекербек Адыловдун чыгармалары окулуп, обондуу ырлары ырдалды. Жалпы чыгармачылыгы тууралуу сөз болуп, окумуштуулар баяндама жасады.

500 нускада чыккан “Тирүүлүк” аттуу китепке Шекербек Адыловдун терме-санаттары, айтыштары, арноо-жоктоолору жана обондуу ырлары камтылган.

Аталган китеп Кыргыз улуттук “Манас” театры тарабынан каржыланып, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын алдындагы Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту менен биргеликте чыгарылган.

50 жаштагы төкмө Шекербек Адылов "Айтыш" коомдук фонду түптөлгөндөн бери жаш төкмө акындарга устаттык кылып келген. Учурда "Манас" театрында жана ЭлТР телеканалында эмгектенет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости