www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Омондор минисрликти курчап, министрди күмөндүү иштери үчүн кармап кеткени акылга сыйгыс көрүнүш»», - деди бүгүн, 7-июнда NazarNews маалымат агенттигине Төлөгөн Келдибаев.

- Төлөгөн мырза, Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзүлүп, Башкы прокурордун кызматтык иликтөө бүткүчө убактылуу кызматтан четтетилиши адилеттик үчүн жасалган аракет десек болобу?

- Президенттин ачык айкын болушу үчүн комиссия түздүм дегени, Башкы прокуратуранын аракетине күмөн саноо деп түшүнсөк болот. 2-июнь күнү Министр Алымкадыр Бейшеналиев президент менен чогуу жүрүп, иш ордуна кайтып келээри менен омондор минисрликти курчап, министрди күмөндүү иштери үчүн кармап кеткени акылга сыйгыс көрүнүш.

Айтайын дегеним, мамлекеттин жогорку даражалуу кызмат адамын күнөөсү далилдене электе иш кабинетинен колуна кишен салып алып кетишкени азыркы бийликке көө жапты. Министрди кармап кетүү операциясын ким уюштурса да анын аракетине юридикалык баа берилиши керек.

Башкы прокуратура министр А.Бейшеналиевге же Саламаттык сактоо министрлигине байланыштуу фактыларды кайдан алды? Арыз түштүбү, арыз түшсө  башкы прокуратуранын тергөөчөсү факты боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөөчү токтому менен Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудити менен Саламаттык сактоо министрлигинин финансы, каржылык иштерине аудиттик текшерүү дайындап, анын жыйынтыгына карап тийиштүү жетекчилерди министрге чейинкилерди суракка алып, каржылык которуулардын мыйзамдуулугуна терең баа бериши керек.

Андан кийин тергөөнүн жүрүшүнө карап, суракка алып, мыйзам бузуулар министр тарабынан далилденсе иш козгоп баш короо чарасын карап, Бейшеналиевди тергөөгө чакыртып, бир нече жолу беттештиришсе болмок. Анткени, миллиарддаган сомдорду Саламаттык сактоо министри же министрлик өз алдынча чече албайт.

Ал маселе өкмөттүк деңгээлде каралып, Финансы министрлиги, борбордук казына жана башка тийиштүү кызматтардын жана адистердин көзөмөлүнөн өтөт. Эми президенттик комиссия менен прокуратуранын айыптоосу дал келбей калышы мүмкүн.

- Бул иш боюнча башкы прокурордун убактылуу кызматтан четтегени туура болдубу?

- Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын талабына ылайык президент башкы прокурорду Жогорку Кеңештин депутаттарынын 3/2 добушу менен кызматтан алат жана дайындайт. Ал эми кызматтан убактылуу четтетүү үчүн баш прокурордун үстүнөн тергөө амалдары жүргөн убакта кызматынан убактылуу четтетүү иштери болот.

Бирок министрди кабинетинен куралданган омондор кармап кетүү, Башкы прокурорду иштен убактылуу четтетүү боюнча мыйзамсыз көрүнүштөр Кыргызстандын тарыхында болгон эмес.

Эске салсак, 4-июнда Алымкадыр Бейшеналиев менен Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан да убактылуу четтетилген. Буга Бейшеналиев боюнча териштирүү жүрүп жатканы жана экөөнүн ортосунда түзүлгөн жеке мамиле да себеп экени айтылган.

Ошол эле күнү Бишкектин Октябрь райондук соту Бейшеналиевдин бөгөт чарасын бир айлык камак деп аныктап, ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган. Жактоочу сотто Бейшеналиевдин жүрөк оорусу бар экенин, ошондуктан, аны камоого болбой турганын жүйө келтирген.

2-июнда Бейшеналиев жемкорлукка шектелип кармалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Андан тышкары министрликтеги жетекчилик кызматты ээлеген үч кишиге да иш козголуп, алардын экөө камакка алынды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости