www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – 2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Мыйзам менен 2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланат.

Бул Протокол төмөнкү өзгөртүүлөрдү карайт: “Камышановка – автожол” өткөрүү пунктунун аталышын “Төмөнкү-Чүй – автожол” деп өзгөртүү, анын статусун эки тараптуудан көп тараптуу (эл аралык) статусуна өзгөртүү жана иштөө режимин күндүзгү убакыттан сутка бою иштөөгө өткөрүү; ошондой эле “Кичи-Капка – автожол” өткөрүү пунктунун статусун эки тараптуудан көп тараптуу (эл аралык) статусуна өзгөртүү.

Бул өзгөртүүлөрдү кабыл алуу кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан жарандардын жана транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгы менен шартталган. Анын ичинде жүк жана жүргүнчүлөр агымын көбөйтүүгө, чет өлкөлүк туристтерди тартуу жана инфраструктураны жакшыртууга багытталган.

Последние новости