www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндө Балыкчыда катуу шамал болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 30-мартка караган түнү, саат 01.50дө Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында катуу шамал болгонун билдирди. Анын ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге чейин жетти. Учурда катуу шамалдын кесепет-зыяны такталып жатат.

“Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок”,-деп жазылган маалыматта.

Бишкек шаарында жана Чүй жана Талас облустарында 28-мартта күчү секундасына 18-26 метрге чейин жеткен катуу шамал болгон. Кырсыкта жалпысынан 26 адам жабыркаган жана алардын алтоо ооруканага жаткырылган.

ӨКМ 150дөн ашык объект, турак-жай зыянга учураганын, бир топ бак-дарак кыйраганын, чыгымды тактоо, кесепетин жоюу уланып жатканын билдирген. Бишкекте жана Чүйдө өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости