www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда таш тазаланууда, жол бир тараптуу ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-августка караган түн саат 00:00 – 03:00 чамасында аталган жолдун 138-139-чакырымында таш түшкөн.

"Учурда жолдун бир тилкеси аркылуу транспорт каражаттарынын кыймылы уюштурулуп, жол бир тараптуу ачык. Жерине 1 жүктөгүч, 1 автогрейдер, 4 экскаватор жана 4 HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа тартылып, жолду тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Жолду толугу менен ачуу боюнча иштер уланууда.

Министрлик айдоочуларды этият болуп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону жана убактылуу киргизилген чектөөлөрдү эске алууну өтүнөт.

Последние новости