www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун 191-295-чакырым аралыгындагы үч участокто курулуп жаткан тирөөч дубалдардын курулушу 90 пайызга аяктады.
"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, аталган жол тилкесинде жалпысынан 12 участокто тирөөч дубалдарды куруу пландалган. Учурда үч участокто курулуш активдүү жүрүп, алардын узундугу тиешелүүлүгүнө жараша 240, 60 жана 100 метрди түзөт.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жогорку темпте уланууда. Тирөөч дубалдар жолдун туруктуулугун камсыздап, жер көчкү жана таш кулоо коркунучун азайтуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында курулууда.
Калган тогуз участокто да курулуш иштери этап-этабы менен жүргүзүлөрү белгиленди.