www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Корея ушул жуманын шаршемби күнү өзөктүк сыноо өткөрүшү мүмкүн экенин Түштүк Корея билдирди. Бул тууралуу Korea Herald гезити 26-июлда Корея Республикасынын бириктирүү боюнча министри Квон Йонг Сенин сөзүнө таянып жазды.

Ал 27-июлда Корея согушундагы (1950-1953-ж.) тынчтык келишиминин 69 жылдыгына карата куралды сыноо мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт. Пхеньян бул майрамды Ата Мекендик боштондук согуштагы Жеңиш күнү деп атайт.

Акыркы жолу мындай сыноону Түндүк Корея 2017-жылы өткөргөн. Америка Кошмо Штаттарынын жана Түштүк Кореянын чалгындоо кызматтарынын маалыматына караганда, Пунгери полигонунда дагы бир сыноого даярдыктар аяктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости