www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-ноябрда Түндүк Корея деңизди көздөй 17 ракета учуруп, алардын бири Түштүк Кореянын жээгине алтымыш чакырым жетпей түштү. Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёль муну "өлкөнүн аймагына кол салуу аракети" деп атады.

Корей жарым аралы экиге бөлүнгөн 1953-жылдан бери алгачкы ирет Пхеньяндын ракетасы Түштүк Кореянын жээгине жакын түштү. Буга жооп чара катары Сеул аскердик даярдык деңгээлин жогорулатты. Жапония Пхеньяндын бул кадамын айыптап, Коопсуздук кеңешин чогултту.

Учурда Корей жарым аралынын аймагында АКШ менен Түштүк Кореянын армияларынын биргелешкен машыгуулары өтүп жатат. Түндүк Корея бир күн мурда машыгууларды токтотууну талап кылып, болбосо "катуу" чара көрөрүн эскерткен.

Жыл башынан бери Түндүк Корея отуздан ашуун ракета учурду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости