www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Түндүк» темир жол бажысы 3,5 килограммдан ашык «марихуананы» ташып кирүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Түндүк» темир жол бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажылык көзөмөл жүргүзүү учурунда иттин жардамы менен “А.И.” дарегине келген почта жөнөтүүсү (куту) аныкталып, кармалган.
Бул кутудан өзгөчө жыты бар 8 кара баштык табылган, экспертизанын корутундусуна ылайык “марихуана” деп табылган. Жалпы салмагы 3,608 кг түзгөн. Факт каттоого алынып, чогултулган материалдар Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, бажы кызматы башка укук коргоо органдары менен чогуу темир жол транспортунда, почта каналдарында жана экспресс-курьердик кызматтар менен баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун, ошондой эле жаңы психоактивдүү заттарды мыйзамсыз алып өтүүгө байланышкан кылмыштарга бөгөт коюу максатында үзгүлтүксүз негизде профилактикалык иштерди жүргүзөт.
Булак: NazarNews.kg