www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу 1-июнда ачылат

Талантбек Солтобаев Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолуна барып, жолду сезондук пайдаланууга даярдоо иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу Транспорт министрликтен билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө министр тиешелүү мекеме жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда, жол оңдоо ишканалары жайгаша турган жерлерди аныктап, үч аймакта тиешелүү объектилерди тез арада куруу тапшырмасы коюлду. Ошондой эле жол коопсуздугун камсыздоо максатында таяныч дубалдарын куруу, эстакадалык көпүрөлөрдү жарыктандыруу маселелерин чечүү, жолго түшкөн таштарды тазалоо жана жолду 1-июнга карата ачылышка толук даярдоо боюнча милдеттер жүктөлдү.

Аталган унаа жол июнь айынан ноябрь айына чейин ачык болот.

Министрлик айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты ашырбоого жана коопсуздук талаптарына жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.

 

Последние новости