www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-июнда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 361–370-чакырым аралыгына сел түшүп, жол каттамына тоскоолдук жаралган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, окуя болгон жерде атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлдү.

Натыйжада жол 22-июнда таңкы саат 05:00дө толугу менен тазаланып, унаа кыймылы эки тараптуу калыбына келтирилди.

Учурда аталган тилкеде жолду кеңейтүү боюнча кошумча иштер улантылып жатат.

Последние новости