www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Түндүкэлектр” ишканасынын жооптуу кызматкерлери кармалды, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан “Түндүкэлектр” ААКтын жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарып, бул аракеттерден улам бюджетке 39 млн сомдук зыян келтирген факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“коррупция”) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары “Түндүкэлектр” ААКтын башкы директорунун мурдагы орун басары Ж.Т.О., Панфилов району боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы Б.Т.О., жана Бишкек шаары боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы С.М.С., кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Булак: NazarNews.kg