www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түнкү рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотушкан.

Текшерүү маалында айдоочуда айдоочулук күбөлүк жок экени аныкталган. Мындан тышкары, ал өзүнүн айтымында, бир фирмада иштеп, жүк ташып жүргөнүн билдирген. Кийинчерээк унааны башкарган адам жашы жете элек экени такталган.

Бул факт Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын одоно бузулушу болуп саналат жана жол кыймылынын коопсуздугуна түз коркунуч жаратат. Аталган факты боюнча укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, унаа айып короосуна коюлду.

МККБ ата-энелерди жана мекеме-уюмдардын жетекчилерин мыйзам талаптарын так сактоого, айдоочулук укугу жок адамдарга унаа башкарууга жол бербөөгө чакырат.

МККБнын Басма сөз кызматы

Последние новости