www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Тодес" эл аралык балетинин негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси Алла Духова Бишкекке келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алла Духова Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында түзүлө турган классика жана заманбап бийи синтездешкен балет труппасына улан-кыздарды кабыл алууга төрагалык кылат. Ошондой эле өзү жетектеген бий коллективинин шоу-программадагы концертин тартуулоо үчүн келди.

Программага ылайык, ал 2-апрелде А. Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өтө турган маалымат жыйынга катышат. Башталышы саат 11:00дө.

Ал эми, 3-4-апрель күндөрү саат Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында анын төрагалыгы менен жана башка белгилүү хореографтардын катышуусунда кастинг өтөт. Башталышы саат 13:00дө.

Ошондой эле бул сапардын алкагында, “Тодес” эл аралык балетинин чоң шоу-программадагы концерти 2-апрель күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Башталышы кечки саат 19:00дө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости