www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тогуз-Торо милициясы тоноочулук менен алектенген кылмыштуу тобтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2024-жылдын 14-апрель күнү Тогуз-Торо РИИБне Казарман айылынын 1978-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2024-жылдын 14-апрель күнү түнкү саат 00:30 чамасында, Нур-Жайык кичи шаарчасында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн жанында  өзүнө бей тааныш болгон  2-3 адам өздөрүн уюшкан кылмыштуу тобтун мүчөсү экендигин айтышып, аны уруп, ага тиешелүү ак түстөгү Ландкрузер-Прадо 200 үлгүсүндөгү автоунаасын, Айфон 15 үлгүсүндөгү кол телефонун, МБАНК картасындагы 48 000 (кырк сегиз мин) сом акчасын жана автоунаанын ичинен 120 000 (бир жүз жыйырма мин) сом накталай акчасын ачык түрдө тартып алышып, окуя болгон жерден качып кетишкендигин  билдирген. 

Бул окуя 2024-жылы 16-апрель күнү Тогуз-Торо РИИБдин кылмыштардын  бирдиктүү ресстрине  Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин  206-берене (Тоноо) менен катталып, кылмыш иши  козголгон.

Тогуз-Торо милициясы тарабынан  жүргүзүлгөн  ыкчам-иликтөө  иштеринин натыйжасында,  2024-жылдын 16-апрель күнү кылмыш ишине шектүү катары  Тогуз-Торо районунун 1990-жылы туулган тургуну А.у К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эскерте кетүүчү жагдай 1990-жылы туулган  А.у К. 2014-жылы Тогуз-Торо милициясы тарабынан уюшкан кылмуштуу тобтун (“Геку” кайманы аты бар) мүчөсү катары каттого алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости