www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бизнес өкүлдөрү менен жолугушууда калктын жарымынын кирешеси 50 миң теңгеден (болжол менен 1,4 миң доллар) ашпай турганын, кырдаалды тез арада өзгөртүү керектигин айтты. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазды

Токаевдин айтымында, 2020-жылы улуттук кирешенин түзүмүндө эң чоң үлүштү бизнестин кирешеси ээлейт – 61,5%. Салыктын үлүшү 7,3%, ал эми казакстандыктардын айлык акысы үчтөн бирден азыраак.

«Бул абдан кичинекей. Мисалы, Орусияда экономиканын окшош структурасына карабастан, эмгек акы 46,7% түзөт, башкача айтканда, биздин өлкөгө караганда 1,5 эсе көп. Улуттук кирешени бөлүштүрүүдө дисбаланс жана ачык-айкын адилеттүүлүк проблемасы бар.

Эл аралык эксперттер, атап айтканда KPMG, 162 адам гана мамлекеттин (өлкөнүн) жарымына ээлик кылат, ал эми калктын жарымынын кирешеси 50 миң теңгеден ашпаганын айтышат. Мындай акчага жашоо мүмкүн эмес, кырдаалды тез арада өзгөртүү керек», - деди президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости