www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан тарап евразиялык интеграциянын өнүктүрүү процесстерине эч качан тоскоолдук жаратпайт жана ал тууралуу сөз да болбошу керек. Бул туурасында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкектеги ЕАЭБ лидерлеринин саммитинде билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрү сегиз жылдан бери улуттук кызыкчылыктарды сыйлоо жана колдоонун арты менен биргеликте ар кандай чакырыктарды баштан өткөрүүдө.
"ЕАЭБ жөнүндө келишимдин институционалдык негиздерине таянуу маанилүү. Казакстан чын дили менен интеграциянын өнүгүшүүнө кызыкдар. Казакстан тараптан процесстерге тоскоолдук жаратуу эч качан болбойт жана андай кеп болушу мүмкүн эмес. Казакстан тескерисинче, экономикалык интеграциянын келишимине ылайык бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгындагы процесстерди жакшыртуу үчүн бардык күчүн жумшап жатат", — деди Токаев.
Булак: NazarNews.kg