www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөсү «кокусунан эркиндикке ээ болду» деп эсептебейт: казак эли «көп жылдар бою эгемендиктин ыйык жолун басып өттү». Бул тууралуу мамлекет башчысы Республика күнүн майрамдоонун алдында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди.
Токаев: «Эгемендүүлүк болбосо эл болбойт» деген казак даанышмандыгын эске салды. Жашыруун эмес, кээде Казакстан кокустан эркиндикке жетип, биздин өлкө эгемендүүлүгүн акыркы болуп жарыялады деген үстүртөн, негизсиз сөздөр айтылып келет. Ошол убактагы кырдаалга туура баа бере албаган адамдар гана ушундай сүйлөй алат», - деди ал.
1990-жылдын 25-октябрында Мамлекеттик суверенитеттин декларациясы кабыл алынган – «өлкөбүздүн көз карандысыздыгына жол ачкан улуу документ», - деп эскерет президент.
«Суверендүүлүк Декларациясы бүткүл элдин жалпы узак мөөнөттүү аракетинин натыйжасы болду деп айтууга болот. Албетте, мындай кадамга баруу оңой болгон жок. Ошол доордун саясий, социалдык жана демографиялык абалын эске алганда, бул абдан ишенимдүү кадам болгон», - деди Токаев.
Казак лидери документти “эрдиктин жана дипломатиянын, акылдын жана сабырдын жеңиши” деп атады.
Булак: NazarNews.kg