www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КМШ мамлекет башчылары жума күнү Астанада өтө турган саммитте гуманитардык кызматташуу жана коопсуздук маселелерин талкуулай турганын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.

«Бүгүн мамлекет башчылары гуманитардык өнөктөштүккө, коопсуздукка жана кызматташуубуздун башка аспектилерине тиешелүү маанилүү маселелерди коюшту», - деди ал КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумунун ачылышында.

Токаев белгилегендей, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин мүчөсү катары жыйынга биринчи жолу катышып жатат.

«Албетте, бул жерде отурган кесиптештердин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди куттуктайм жана боордош түркмөн элинин жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди каалайм», - деп кошумчалады Токаев.

КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин жыйыны Казакстандын төрагалыгы астында өтүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости