www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга аскердик жардам көрсөтүү боюнча келишимди ратификациялоо мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Буга чейин коңшу өлкөнүн парламентинин сенаты Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча келишимдерди ратификациялаган.
Макулдашууга 2021-жылдын 7-декабрында кол коюлган жана кыргыз тарапка берилчү аскерий мүлктүн көлөмү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылган.
"Казакстан аскердик жардамды Кыргызстанга автомобиль менен жеткирүү боюнча чыгымдарды көтөрөт. Кыргыз тарап алынган аскердик мүлктү коопсуздук максатында гана пайдаланат, үчүнчү жакка бербейт, КМШ өлкөлөрүнө каршы пайдаланбайт", — деп айтылат билдирүүдө.
Жардамдын негизги максаты аймактык коопсуздукка салым кошуу үчүн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн дараметин бекемдөө экени кошумчаланды.
Булак: NazarNews.kg