www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын өкмөтү парламенттик шайлоо аяктаары менен отставкага кетет. Бул тууралуу Казактснадын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн билдирди.
--"Биздин мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоодон кийин өкмөт отставкага кетиши зарыл. Добуш берүү соңуна чыккан соң жаңы депутаттар менен премьер-министрликке, өкмөт мүчөлөрүнө талапкерлер боюнча сүйлөшөм. Бардыгын тез арада бүтүрөбүз деп ишенем", - деди Токаев.
Ошондой эле өлкө башчы 15-январь күнү парламентке барып, мажилистин жаңы депутаттарына кайрылуу жасай турганын кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, бүгүн Казакстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Казак парламенти эки палатадан (Сенат жана Мажилис) турат. Экөөндө биригип 156 эл өкүлү бар, алар беш жылга шайланат.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg