www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жума күнү АКШнын укук коргоо кызматкерлери 60 жаштагы Ричард Барнеттти камакка алышты. Ал 6-январда Барнетт палатанын спикери Нэнси Пелосинин кеңсесине кирип, анын креслосунда сүрөткө түшкөн.

Белгилей кетсек, Барнетт өзү жашаган Арканзаста кармалган. Ага Капитолиянын аймагына күч менен кирүү жана мамлекеттик мүлктү уурдоо боюнча айып тагылган.

Шаршембиде полиция Капитолийдин имаратына кирип келген элди токтото алган жок жана нааразычылык акциясы болгон күнү ондогон адам камакка алынган. Бирок, учурда укук коргоо органдары ошол күнү полиция кызматкерлери менен кагылышып, Капитолийдин имаратын алдында башаламандык уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш алып барышууда.

Капитолийди бузуп киргендердин аныктоо жеңил болоору айтылууда. Анткени алар социалдык тармактарга жасаган аракеттеринин жүктөп, сүрөткө тартып, селфи кылып, түз ободо өздөрү жөнүндө айтып берип турушкан.

Эске салсак, тополоң шаршемби күнү АКШнын Капитолий шаарында болуп, анда шайлоонун жыйынтыгын бекитүү маселеси талкууланып жаткан.

Конгресстин палаталарынын жыйналыштары бир нече саатка токтотулган. Митингчилер имаратка кирип, материалдык чыгым келтиришти.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости