www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 28-ноябрда Орусия лидери Владимир Путин менен жолугушууда Казакстанда өткөн президенттик шайлоодон кийин Орусияга болгон биринчи чет элдик сапарынын саясий мааниси жана символикасы тууралуу айтып берди.
«Менин Казакстан Республикасынын Президенти кызматына кайра шайланышыма байланыштуу жеке куттуктооңуздар үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Чынында, бул окуядан кийин менин биринчи чет элдик сапарым ушул жерде, Орусия Федерациясына болду, мунун өзү терең саясий мааниге ээ. Албетте, бул сапарда белгилүү бир символика бар», - дейт ал.
Анын айтымында, бул толугу менен мыйзам ченемдүү көрүнүш, анткени кеп Москва менен Астананын ортосундагы 22-октябрда дипломатиялык мамилелердин орногонуна 30 жыл толо турган кызматташтыгы тууралуу болуп жатат.
«Бүгүн биз бул тарыхый датага арналган декларацияга кол коюп жатабыз. Казакстан үчүн Орусия Федерациясы негизги стратегиялык өнөктөш, биз менен ар түрдүү тармактарда терең мамилелери бар өлкө болгон жана болуп кала берет», - деди республика башчысы.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында Казакстанда кезектеги президенттик шайлоо өттү. Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 81,31 пайыз добушуна ээ болуп, 2029-жылга чейин президенттик тактыда калды. Мамлекет башчынын инаугурациясы 26-ноябрда өттү.
Булак: NazarNews.kg