www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарында мыйзамсыз көчмө зоопарк аныкталды

2026-жылдын 13-апрелинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Биоресурстарды контролдоо бөлүмү жана Чүй регионалдык башкармалыгытарабынан биргелешкен рейд жүргүзүлдү. Иш-чарага «Бугу эне» коомдук фондунун өкүлү, Токмок шаарынын милиция кызматкери жана шаардык ветеринардык кызматтын адистери катышты.

Рейддин жүрүшүндө Токмок шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан көчмө зоопарк текшерүүгө алынды. Текшерүү учурунда зоопаркта кармалып турган жапайы жаныбарларга тиешелүү уруксат берүүчү документтер жок экендиги аныкталды.

 Аталган мыйзам бузуу боюнча жеринде тиешелүү акт түзүлдү.
Ошондой эле, жапайы жаныбарлардын мыйзамдуу келип чыгышы толук такталганга чейин, алар убактылуу кароого «Бугу эне» коомдук фондуна өткөрүлүп берилди. Бул боюнча расмий түрдө алуу-өткөрүп берүү актысы (акт изъятия) түзүлдү.
Көчмө зоопарктан алынган жапайы жаныбарлардын тизмеси:
1 Африка арстаны – 1 даана 
2 Карышкыр – 4 даана 
3 Канада карышкыры – 1 даана 
4 Күрөң аюу – 1 даана 
5 Маймыл (мартышка) – 1 даана 
6 Чоң үкү – 1 даана 
7 Кенгуру – 1 даана 
8 Чөө – 3 даана 
9 Эму – 1 даана 
10 Эки өркөчтүү төө – 1 даана 
11 Кара жору – 1 даана 

Учурда тиешелүү материалдар топтолуп, мыйзам чегинде чара көрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жапайы жаныбарларды мыйзамсыз кармоого жана пайдаланууга жол бербөөгө чакырат. Жапайы жаратылышты коргоо – ар бирибиздин милдетибиз.

 

Последние новости