www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Токмок суу канал” муниципалдык ишканасынын коррупциялык схемага бөгөт коюлду Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарында “Токмок суу канал” муниципалдык ишкананын балансында турган мамлекеттик мүлктү (чоң көлөмдөгү суу куурларын) уурдоо фактылары аныкталды. Тактап айтканда, “Токмок суу канал” муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары А.А. баш болуп аталган мекеменин директоруна билгизбей ири суу түтүктөрүн сатуу боюнча коррупциялык схема уюштурулган.

Ошол эле учурда, 26-июнда козголгон кылмыш ишинин алкагында “Токмок суу канал” муниципалдык ишканасынын директору О.С.га пара берип жана муниципалдык менчикти сатууну жашыруу максатында 60 миң сом пара берип жаткан жеринен анын орун басары А.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары, А.А.нын унаасынан суу түтүктөрүн сатуудан түшкөн дагы 135 миң сом акча каражаты табылган.

Учурда аталган мамлекеттик мүлктү уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости