www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмокто 6-класс кыз сабалып, ооруканага түштү

Токмокто 12 жаштагы мектеп окуучусу классташынан токмок жеп ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 17-сентябрь күнү кечинде болгон. Саат 18:42 чамасында 6-класстын окуучусу 12 жаштагы Н.М. баш мээнин жабык жаракаты диагнозу менен шаардык ооруканага жеткирилген. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин кыз үйүнө жөнөтүлгөн.

Мектеп окуучусу математика сабагында классташы тарабынан сабалганын айткан. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Последние новости