www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмокто жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн болжол менен саат 01:30 чамасында Токмок шаарынын Ленин-Колхозный көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда белгисиз айдоочу унаа менен жашы болжол менен 50-55 эркек кишини сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.

Бул факты боюнча Чүй облусунун аймагында "Тосмо" иш мерчеми киргизилип, Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугшун камсыздоо кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларынын жүргүзүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары "Фолсфаген" үлгүсүндөгү авто унаанын 2001-жылы туулган А.И.М. аттуу айдоочусун шектүү катары кармашкан.

Азыркы учурда авто унаа айып короо жайына киргизилип, ал эми айдоочусу тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн, Токмок РИИБнин Тергөө кызматына жеткирилген.

Последние новости