www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токмоктогу мал базарда аксакалдын акчасын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Ал 39 жаштагы шаардын тургуну болуп чыкты. Ал жабырлануучуга келтирилген 120 миң сом зыянды толугу менен төлөп берген. Кармалган жаран Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (Уурдоо) каралган кылмышты жасаган деп айыпталган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Токмок шаарындагы мал базарда карыянын 120 миң сому уурдалган. Аксакал куран окутууга жылкы сатып алганы келген.
Акчаны жергиликтүү чөнтөкчүлөр уурдап кетишкен. Мал базардын сатуучулары жана сатып алуучулары баш болгон камкор атуулдар аз убакыттын ичинде аксакалга 115 миң сомдон ашык акча чогултуп беришкен.
Булак: NazarNews.kg