www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарындагы батирде чыккан жаңжал боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө, деп кабарлайт Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы. 

Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 4-июнунда Токмок ШИИБине Токмок шаарынын Сарыбагышев көчөсүндөгү батирлердин биринде батир ээлери менен ижарачылардын ортосунда жаңжал чыгып, анын жүрүшүндө тараптар бири-бирине дене жаракаттарын келтиргендиги тууралуу бир нече арыздар келип түшкөн.

Аталган фактылар Токмок ШИИБинде катталып, териштирүү иштери башталган.

Окуянын бардык катышуучулары суралып, жаңжал тиричилик маселесинен, тактап айтканда электр энергиясынын өчүп-күйүүсүнө байланыштуу келип чыккандыгы аныкталган.

Тараптардын ортосундагы пикир келишпестик сөз талашка, андан соң өз ара түртүшүүгө жана мушташка айланган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жаңжал учурунда жоголду делген iPhone 17 Pro үлгүсүндөгү уюлдук телефон окуя болгон жерден табылып, ээсине кайтарылып берилген. Телефонду мыйзамсыз алып коюу же уурдоо фактысы ырасталган эмес.

Учурда окуя боюнча бардык катышуучуларга карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, алардын корутундулары күтүлүүдө.

Экспертизалардын жыйынтыгынын негизинде окуяга катышкан тараптардын аракеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык баа берилет.

Последние новости