www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарында үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-июлда Токмок ШИИБге Строитель дачасы аймагындагы үйлөрдүн биринде үй-бүлөлүк жаңжал болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 10-июлда А.А. аттуу аялга анын жолдошу А.С. чай ичүүчү чыны менен уруп, денесине залал келтиргени аныкталган. Жабырлануучу милиция кызматкерлерине эч кимге карата арыз-доосу жок экенин билдирген.

Ошого карабастан, мыйзам талаптарына ылайык аялга коргоо ордери берилип, окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тиешелүү изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат.

Ал эми жабырлануучунун тууганы зомбулук фактысы боюнча арыз менен кайрылган. Анын негизинде А.С.га карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 73-беренеси («Үй-бүлөлүк зомбулук») боюнча протокол түзүлүп, ал Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Экспертизанын корутундусунун негизинде окуяга юридикалык баа берилип, мыйзам чегинде акыркы чечим кабыл алынат.

Последние новости