www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү жаран кармалды, деп билдирди бүгүн, 17-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Буга чейин Жазык кодексинин 267-беренеси («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кылмыш ишин иликтеген Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жана Токмок РИИБдин кызматкерлери Токмок шаарынын тургунунун үйүн тинтүүгө алуу учурунда жардыруучу зат табышкан. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмү («Куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») менен кайрадан квалификацияланган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости