www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Саламатсызбы Кайып-мырза, 2010-жылдан бери саясатта келе жатасыз, ошол жылдагы кандуу куралдуу төңкөрүштөн Кыргызстан пайда таптыбы же укмуш өнүктүкпү?

--2010-жылы 7-апрель күнүнө чейин бардык өлкөлөрдө болуп келгендей эле элде социалдык тартыштыктар пайда болгон. Билесиңер, электр энергиясы, Максим Бакиевдин ЦАРИИси көрсө, мамлекетке өтө пайда болмок экен. Көрсө ошол учурда алар өздөрүнун максатын элге жеткиликтүү түшүндүрүп бере албаган экен.

Тилекке каршы, ошондо орусиячыл марионеткалар, Путинди жарга такап, аны да алдап, өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөгөн экен. Алар ар түркүн нараазычылыктарды пайда кылып, элдин ортосуна бүлүк салган экен. Бизди жыйынтыгында алдаптыр. Жыйынтыгында 7-апрелчилер ант берип бийликке келген менен, элибизге жарытылуу талкан берген жок.

--Эмне үчүн акыркы учурда Бакиевдин жактоочусу болуп калдыңыз?

--Мен, ишенсеңиз, жакында Минскиге барып, Курманбек Бакиевден кечирим сурагым келип жүрөт. Ага барганга эки көзүм төрт болуп турат. Билесиңер, менин кыргызчылык жайым бар, ал киши чыны менен мамлекетте жакшы иштеген. Мен жеке өзүмдүн атымдан ошол апрель окуясына катышкан киши катары кечирим сурап койоюн деп жатамын. Эгерде УӨ мамлекетте экономикалык жылыш жасаганда так ушул УӨ тарапта болмокмун. Кыргыздардын көбү так ушул бийликке келгенде орустардын эшигин шыпырып жүрөт. Бакиев кеткенден бери жыргап кеттикпи? Арадан 12 жыл өттү. Бүгүнкү күндөгү кымбатчылыкты баштоочусу УӨ мүчөлөрү.

--Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун бийлиги мамлекетке кандай кызмат кылды?

-- Апрель окуясынан кийин Атамбаев деле оңуп кеткен жок... Бакиевди кууган Атамбаев, Кудай таразалап койду, досун президент кылды - аягы эмне менен аяктады? Биз 2010-жылы Кудайга жакпаган нерсе кылдык, алыбыз эмне болду? Эсибизде болсун президентти кордогон калк эч качан оңбойт, дүйнө жүзүндө оңгон эмес! Каддафини өлтүргөн эл эмне болду? Ошон үчүн жакабызды кармап, кетирген катачылыктарга топук кылып, жашоону ак барактан башташ керек. Мен апрелде таш эмес, туу көтөрүп чыкканмын! Аттиң, митингдин катышуучусу катары апрель окуясы бетибизге чиркөө болду.

-- Мына, жакында парламенттик шайлоо болуп өтөт, элдин арасында жүрөсүз калктын шайлоого карата маанайы кандай?

-- Чүй, Нарын, Ысык-Көлгө чейин барып келдим. Элдин маанайы - мурдагыдай шаң жок. Талапкерлер менен жолуккусу келбеген калкты көрдүм. Эл ызы-чуудан тажап, баары бир деле эч нерсе болбойт деген ойдо калган. Калыстыкты айтайын, азыркы бийлик админресурсту пайдаланган жок. Элдин көбү Бакиевди бийликтен кетирген экенбиз деп өкүнгөнүн көрдүм.

-- Шайлоодон кийинки кырдаал кандай болот?

-- Эң жакшы суроо...Шайлоодон кийин БШК компьютерден сандарды-санга кошуп жибербесе баары сонун болот. Азыркы бийлик, президент Садыр Жапаров шайлоону бурмалаганды дыкат көзөмөлгө алды. Эң башкысы элде ынтымак болсун, Бакиевдердин доорундагыдай сырткы күчтөрдүн түрткүсүнө алдырбашыбыз керек, эгерде дагы сырткы күчтөрдүн шыкагына алдансак мамлекет урайт. Ал сырткы күчтөр элге эч качан талкан бербейт.

Кыргызстандын өнүгүп кетишине Орусия жана кошуна мамлекеттер көп тилектеш эмес. Биз эгемендүүлүктү сактап калбасак элдин да, мамлекеттин тадыры да оор. Баса, Лукашенкого чоң рахмат айтышыбыз керек. Эгер ал Бакиевди алып чыгып кетпегенде ич-ара согуш болуп кетмек. Ал киши жарандык согуштун алдын алды. Лукашенкону баалабасак, анда кыргыз көрүндө жатып өкүрөт.

-- Негизи, Кыргызстанда кыргыздын бычакка сап уулдары барбы? 

-- Албетте бар. Уучубуз куру эмес. Алардын алдыңкы сабында, дат баспаган алтындай болгон, менеджер, стратегдердин көбү депутаттыкка талапкер экен. Жалпысынан мыктылар көп.

Эске сала кетсек, Кайып Шер 2010-жылдагы апрель окуясынын катышуучусу. Андан сырткары “Апрель баатыры” төш белгисинин ээси. Бир нече убакыттан кийин учурдагы КР президенти Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Талант Мамытов камалганда ал белгисин таштандыга ыргыткан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости