www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги (ИИМ) он айда 70 экстремисттик сайтка, 10 аккаунтка бөгөт коюлганын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Бишкекте терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдөгү адам укуктарынын сакталышына байланыштуу өткөн тегерек үстөлдө ИИМдин экстремизмге каршы жана миграция кызматынын кызматкери Манас Аманбаев билдирди.

Жыл башынан бери 4,5 миңден ашуун алдын алуу иш-чараларын өткөргөн.

"Ар кандай чакырыктар, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жараткан мыйзамсыз иш-аракеттердин көбү социалдык тармактарда басымдуу болуп жаткандыктан биз дагы багытыбызды ошол жакка буруп жатабыз. Ал жаатта чоң иштер жасалууда. Радикалдашуу процессине эң көп катыштыгы бар - аялдар менен жаштар. Жаштар биздин потенциалыбыз, алар чоң агым. Эгер аларга туура багыт берип, буруп кете алсак мамлекеттин келечеги жана коопсуздугу үчүн чоң кызматты аткарат деп ишенебиз. Азыр ошол эле жаштар аркылуу маалыматтарды жеткирүү багытында иштеп жатабыз", - деди Аманбаев.

Ушул эле жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Мелис Сатыбалдиев экстермисттик уюмдар өзгөчө аялдар менен жаштарга басым жасап жатканын айткан.

Аталган жыйынды "Бир дүйнө Кыргызстан" кыймылы уюштуруп, ага жарандык коомдун, Акыйкатчы институтунун, прокуратура, ИИМ өкүлдөрү катышууда.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанда ушул тапта “Хизб ут-Тахрир”(Кыргызстанда тыюу салынган) диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү көп экенин кабарлады. Бул топтон бөлүнүп чыккан “Йакын-Инкар” диний агымынын өкүлдөрү да көбөйгөнү байкалган.

Министрлик мындай уюмдардын пайда болушун жана ага адамдардын азгырылышын билимсиздик, дин жөнүндө маалыматтардын жетишсиздиги жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү атады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) соңку эки айда "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик тобунун бир нече активдүү мүчөсүн жана жетекчилерин кармады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости